Мектептерде «Дин маданияты» сабагын киргизүүнүн маанилүүлүгү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мектептерде «Дин маданияты» сабагын киргизүүнүн маанилүүлүгү

Кыргыз Республикасы демократиялык жолду тандап алгандан кийин конституцияда расмий түрдө динди мамлекеттик саясаттан бөлүп салды. Бул бөлүнүүнүн оң жана терс таасирлери коомдо даана байкалып калды. Мамлекет диний билим берүүнү өз көзөмөлүнө албагандыктан адамдар динди мыйзамсыз жолдор аркылуу үйрөнө баштады.



         "Тема" теледолбоорунунун коногу КТМУнун Теология факультетинин ага окутуучусу, доцент Бакыт Мурзараимов болду. Ортого мектептерде "Дин тарыхы" же "Дин маданияты" сабактарынын киргизилүү зарылчыгы темасы коюлуп, ушунун тегерегинде адисибиз өз оюн билдирди. 

            Негизинен программанын жүрүшүндө Бакыт Мурзараимов:

- Эгемендүүлүк алгандан берки өлкөдөгү диний абалды;

- өлкөдө белгилүү бир диний идеология болбогондуктан жарандардын түрдүү агымдарга дуушар болуп жатканын;

- Өлкө башчысы тарабынан мектептерге сөзсүз киргизилсин деп чыгарылган дин таануу сабагынын маанилүүлүгүн;

- бул жаатта иштелип жаткан атайы окуу программа, окуу куралдарын;

- аталган сабакты кимдер берсе туура болоорун ж.б аспектилерди айтып берди. 

 

           Программанын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

           МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Мектептерде «Дин маданияты» сабагын киргизүүнүн маанилүүлүгү Мектептерде «Дин маданияты» сабагын киргизүүнүн маанилүүлүгү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться