Зыянкечтер менен күрөшүү жолдору » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Зыянкечтер менен күрөшүү жолдору

Адамзаттын тарыхында айыл чарбанын өнүгүшү менен чогуу айыл чарба продукцияларын азайткан кээ бир организмдердин пайда болушу да байкалат. Арийне алар менен күрөшпөсөк анда түшүмүбүз жакшы болбой калат. Айыл чарбанын ичинде карап көргөндө зыянкеч деген терминди пайдалуу өсүмдүктөрдү жеп жок кылган курт-кумурскалар менен байланыштырабыз. Дүйнө жүзүндөгү 1 миллиондон ашык курт-кумурскалар болсо алардын 1%ы зыянкечине кирет.



          Дал ушул зыянкеч курт-кумурскалар жана алар менен күрөшүү жолу "Тема" теледолбоорунунун бул чыгарылышында талкууга алынды. Студиянын коногу КТМУнун Айыл Чарба факультетинин ага окутуучусу, илимдин доктору, профессор Хүсейин Гөчмен болду. 

          Эфирдин жүрүшүндө Гөчмен мырза: 

- Зыянкечтер деген эмне экенин;

- Зыянкечтер менен күрөшүүдө колдонулган ыкмалардын түрлөрүн;

- Зыянкечтер менен күрөшүү биологиялык, химиялык ыкмаларды;

- Зыянкечтер менен химиялык ыкма аркылуу күрөшүүнүн терс жактарын;

- Химиялык препараттарды колдонууда эмнелерди эске алуу керектигин ж.б. темаларды баяндап берди.

          Маекти кыргыз тилине илимий кызматкер Таир Эсенаалы уулу которуп тартуулады. 

 

          Көрсөтүүнүн толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

          МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Зыянкечтер менен күрөшүү жолдору Зыянкечтер менен күрөшүү жолдору

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться