Автопортрет: Саламат Иманов » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Автопортрет: Саламат Иманов

"Автопортрет" программасында белгилүү фотограф, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин ийгиликтүү бүтүрүүчүсү "Манас" радиосунун диджейи, "Автопортрет " программасынын автору Саламат Иманов конокто болду. 



Хирург болууну кыялданган коногубуз "Манас" университетине келип тапшырып калуусу, студенттик кездеги кызыктуу окуялары менен бөлүштү.
Эмне үчүн "Манас" университетин тандап, тапшырып калгансыз деген суроого: "Бишкекке келгенимде 5 университетке тапшырып өтүп, бешөөнүн ичинен бир гана "Манас" университетинде коррупция жок, шарттары жакшы жана дагы чыныгы студент болуп, чыныгы студенттик күндөрдүн даамын татасың" деген каарманыбыз, учурда фотожурналистикага аралашып, фотограф катары иш алып барып келет.

"Ар бир кесиптин каймагы болот, аны калпып алуу керек",- деп студенттерди жана абитуриенттерди студенттик учурда кесибине гана байланышкан жумуштарда гана иштөөсү керек экендигин баса белгилеп, студенттик күндөрүн пайдалуу өткөрүүгө чакырды.
Программаны толугу менен төмөндөгү шилтеме аркылуу көрө аласыздар.


Загрузка плеера...


Автопортрет: Саламат Иманов Автопортрет: Саламат Иманов Автопортрет: Саламат Иманов

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться