Курулуш программасында окуган студенттердин сабактан тышкары жашоосу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Курулуш программасында окуган студенттердин сабактан тышкары жашоосу

"Студеннттик күндөр жашоонун кайталангыс көз ирмемдери. Менмендеген атактуу адамдар деле кээде студенттик өмүрүн сагынып, кайра бир студент болууну самашса керек. Мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти болгонума сыймыктанам. Бала кезимден баштап архитектор болууну самагандыктан аталган окуу жайдын Кесиптик жогорку мектебинин Курулуш бөлүмүн атайы тандап алгам. Быйыл окууну бүтүп Манастан кетээримди эске алсам бир азга ичим ачышат."



           Дал ушундай сөздөрдү КТМУнун Кесиптик жогорку мектебинин Курулуш программасынын бүтүрүүчү курсунун студенти Турдакун Ташболотов "Тема" телекөрсөтүүсүндө айтуу менен маекти баштады. 

       Алгач ал окуу жайга кантип өткөнүн, Манас университетинде окуу-тарбия процесси кандай жүргүзүлөөрүн, кайсы сабактарга жетишүү кыйынчылык туудурганын баяндады. 

           Андан соң Манас университетиндеги сабактан тышкаркы студенттерге ылайыкташкан социалдык эс алуу шарт жана мүмкүнчүлүктөр:

- Спорт комплекс жана атайы спорт секциялары

- жатакана жана анда жашоо жыргалчылыгы

- Китепкана жана анын базасы

- Компьютердик класстар жана IT мүмкүнчүлүктөр

- Ашкана жана чайханалар

- кампус жана анын атмосферасы тууралуу кеп салды. 

 

           Көрсөтүүнүн толук чыгарылышы менен төмөнкү видеодон тааныша аласыздар.

 

           МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Курулуш программасында окуган студенттердин сабактан тышкары жашоосу

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться