Улуттук Банк Маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук Банк Маалымдайт

25.04.2016  “Жаңы күн”  радио долбоорунда салтка айланып калгандай , улуттук банк басма сөз кызматына телефон аркылуу байланып,



өлкөбүздөгү жүргүзүлүп жаткан-долларлашуу жараяны  жана анын алгачкы жыйынтыгы тууралуу,  КР Улуттук банкынын коммуникация башкармалыгынын ЖМК иш алып баруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айгул Молдобекова менен маек курдук : “Кыргыз Республикасынын экономикасын долларлаштыруу жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча иш – чаралар тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 10-декабрындагы токтомун аткаруу алкагында, сом менен эсептешүүгө өтүү анын бир этабы катары каралып жатат. “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тууралуу”  КР Мыйзамдарына ылайык, ар бир кардар төлөмдү нак же нак эмес түрдө жүргүзүүгө акысы бар.  Мындан сырткары, 2-апрелде товардын жана кызмат көсөтүүлөрдүн баасы бир гана улуттук валюта – сом менен көрсөтүлсүн деген өкмөттүн токтому күчүнө кирди. Ага жараша бардык ички соода-сатык,  карым-катнаш сом менен жүргүзүлүүсү тийиш. Анткени Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуу төлөм жүргүзүүчү валюта бул- улуттук валюта –сом болуп эсептелет.

  • Кийинки кезде Кыргызстанда нак эмес акча, тагырааак айтканда төлөм карталары менен пос-терминалдар аркылуу адатка айланып жатат. Ушул пос терминалдар тууралуу айтсаңыз. Анын артыкчылыгы кандай?

Азыркы учурда магазин, ресторан, сулуулук салону, мейманкана, АЗС ж.б айрым соода-сатык жана сервистик жайлар атайын нак эмес төлөм жүргүзүүнү кабыл алуучу терминалдар менен жабдылган. Башкача айтканда, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы үчүн пластикалык карталарды колдонушат. Дал ушул жабдуулар пос-терминал деп аталат. Мисалы, дүкөндүн кассири картанын ээсинин банктагы эсебинен тийиштүү сумманы магазиндан эсебине которо алат. Ошондой эле пос-терминалдар сактык кассасында жана банктардын филиалдарында орун алгандыктан, алардын жардамы менен кардар өз картасынан тийиштүү каражатты чыгарып алуусуна, картанын балансын толуктоого же коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүүгө шарт түзүлгөн. Пос-теминалдарды бир гана коммерциялык банктар орнотушат. Анткени дал ушул коммерциялык банктар Улуттук банктын лицензиясынын негизинде, банктык операцияларды жүргүзүүгө акысы бар. Мисалы, банктан соода-сатык, сервистик мекемелери үчүн эсеп ачууда эсептик-кассалык тейлөө боюнча жеңилдиктер каралат жана эки жакка тең пайдалуу шарттар каралат. Анын негизинде, соода түйүнү инкассация, сактоо жана накталай акча каражатынын эсебин алуу боюнча ашыкча чыгымдардан арылат.

  • Ал эми жөнөкөй кардар үчүчн нак эмес төлөм жүргүзүүнүн кандай пайдасы бар?

Бул жабдууларды киргизүү жана аны колдонуу калк арасында финансылык маданияттын жогорулоосуна өбөлгө түзүп, чекене төлөм рыногун өнүктүрүп, нак эмес төлөм жана эсептешүүнүн үлүшүн жогорулатат. Кутучага акчаны салып жүргөнгө караганда төлөм картаны алып жүргөн ыңгайлуу экени талашсыз, туурабы? Анткени, сиз дүкөнгө келип соода-сатык кылаарда канча акча керектигин алдын-ала билбейсиз жана накталай тийиштүү каражаттын жаныңызда болбой калышы мүмкүн деп кыжаалат болбойсуз. –деп КР Улуттук банкынын коммуникация башкармалыгынын ЖМК иш алып баруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айгул Молдобекова сөзүн жыйынтыктады. Өз кезегиде,  калкты маалымдоодо, бизге көргөзгөн колдоосу үчүн, Айгул Молдобековага жана КР улуттук банкынын кызматкерлерине биз менен биргелешкен кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. (ŞB)

Улуттук Банк Маалымдайт Улуттук Банк Маалымдайт Улуттук Банк Маалымдайт Улуттук Банк Маалымдайт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться