2023 Түркиянын туризм стратегиясы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

2023 Түркиянын туризм стратегиясы

2023-жыл Түркия мамлекети үчүн өтө маанилүү жыл. Себеби эгемен республика болуп жарыяланганына 100 жыл толуп турган чагы. Бул багытта Түркиянын дүйнөдөгү элди кызыктырган алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирүүсүн камсыздаш үчүн 2006-жылы, тагыраак айтканда 16 жыл мурун 2023-жылга кантип киребиз, ал учурда туризм тармагы кандай өнүгөт деген максат менен атайы стратегия түзүлгөн эле. 



          Бул чыгарылышта Түркиянын 2023-жылга карата Туризм тармагындагы стратегиялык максаттары тууралуу маектештик. Маектешибиз атайы тажрыйба алмашуу программасы менен Кыргызстанга 2 жумага келген илимпоз, Түркиядагы Ататүрк университетинин доценти Ахмет Чавуш болду. 

             Ахмет Чавуш программанын жүрүшүндө:

- 2023-жыл Түркия үчүн неге маанилүү экенин

- 2019-жылга карата Түркиянын туризм тармагындагы өнүгүү статискаларын

- Туризм стратегияларынын олуттуу максаттарын

- Коюлган стратегиялардын ишке ашуу жараянын

- Аталган стратегиялардан Кыргызстан кандай таасир алаарын ж.б. темаларды сүйлөп берди. Ахмет мырзанын кептерин кыргыз тилине КТМУнун магистранты Лира Акылбекова которду. 

 

             Көрсөтүүнүн толук варианты төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

 

             МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


2023 Түркиянын туризм стратегиясы 2023 Түркиянын туризм стратегиясы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться