Напсини тарбиялоо » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Напсини тарбиялоо

Напси деген сөз «жан, жан, өмүр, жашоо негизи, дем, адам барлыгы, инсан, денеден чыккан арам каалоолор» дегенди билдирет. Рух жөнүндөгү изилдөөлөрдүн орток негизине ылайык, напси «Бул адамдын денесиндеги материя менен маанинин аралашуусунан пайда болгон руханий күч. Ал биздин акылыбыз буйруган нурдуу өзгөчөлүк менен жаратылган». 



          "ТЕМА" көрсөтүүсүнүн бул чыгарылышы дин таануу илиминдеги "напси" терминине арналды. Конок катары КТМУ Теология факультетинин профессору Режаи Доган жана кенже илимий кызматкер Жазгүл Жолалиева келишти. 

            Программанын жүрүшүндө профессор Доган:

" - напси деген эмне?

  - Куранда жана хадисте напси кандай каралат?

  - Куранда адамдын напсисин тарбиялоо боюнча кандай насаат айтылган?

  - Куран адамдарга напсилерин кантип башкарууну, оңдоону жана тартипке салууну кантип үйрөтөт?

  - Өздүк напсини тарбиялоо деген эмнени билдирет жана өзүбүздү үйрөтүү үчүн эмне кылышыбыз керек?

деген суроолорго жооп берип кетти. Ал эми кыргыз коомчулугуна жеткиликтүү кылып Жазгүл Жолалиева которуп берди. 

    Көрсөтүүнүн толук чыгарылышын төмөнкү шилтемеге басып көрсөңүздөр болот. 

 

    МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев

 


Загрузка плеера...


Напсини тарбиялоо Напсини тарбиялоо

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться