Эл Аралык математикалык коом » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эл Аралык математикалык коом

Эл Аралык математикалык коом - коммерциялык эмес, мамлекеттик эмес, дүйнөдөгү математиктердин башын бириктирген илимий коом. Анын максаты Эл Аралык деңгээлде математиктердин кызматташуусун өнүктүрүү, дүйнөлүк деңгээлдеги математикалык илимий конференция, конгресс, жолугушууларды уюштуруу же болбосо уюшулуусуна кам көрүү. Математиканын теориялык, практикалык, билим берүү аспектилерине салып кошо турган иш чараларды колдоо жана шыктандыруу болуп саналат. 



          "Тема" теледолбоорунун коногу физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Элмира Абдылдаева болду. Көрсөтүүнүн алкагында Элмира айым жогоруда белгиленгендей кептери менен маекти баштап, Эл Аралык математикалык коому, анын түзүлүү таржымалы, кыскача тарыхы, уюштуруп жаткан Эл Аралык конгресстери, жаш математиктерге тартуулаган мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндады. 

              Мунун сыртында Эл Аралык деңгээлдеги математика тармагында ыйгарылчу "Fields" жана "Gauss" cыйлыктары, аларды кимдер, кандайча жол менен алса болоорун, аталган төш белгилердин артыкчылыктары менен баалуулун да айтып берди. 

               Чыгарылыштын толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

   

               МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Эл Аралык математикалык коом Эл Аралык математикалык коом Эл Аралык математикалык коом Эл Аралык математикалык коом

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться