Автопортрет » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Автопортрет

“Манас Фм” радиосунун  “Автопортрет” программасында “Композ” жана “Жаздык” аттары менен кыргыз элинде таанылып жүргөн Мурат Мамбетов конокто болду.



19-апрелде 102.9 жыштыгынын “Автопортрет” программасынын кезектеги чыгарылышында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер, режисcер жана ошондой эле көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Мурат Мамбетов менен 60 мүнөт алкагында маек курдук. Ысык-Көл областынын Чырпыкты айылынын кулуну 6 жашынан баштап эле актерлук кесибине кызыккандыгы тууралуу сөз кылды.

   1970-жылы Кыргыз Улуттук драма театрында сахна жолун баштап, 1990-жылы белгилүү “Туңгуч” театрынын негиздеген адамдардын бири. Мурат агай Болотбек Шамшиевдин “Бөрү Зыңдан” аттуу тасмасында “Композдун”, андан соң өзүнүн “Чиркин өмүр” тасмасында “Жаздыктын” ролдору аркылуу бүткүл элдин сүймөнчүгү боло алган. Ошондой эле Мурат Мамбетов Сүймөнкул Чокморов, Сабира Күмүшалиева, Абдашым Көбөгөнов, Жамал Сейдакматова, Муканбет Токтобаев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сыдыкбек Жаманов, Бакен Кыдыкеева жана башка ушул сыяктуу кыргыздын таланттуу, атактуу актер жана актрисалары менен бирге иштешкен.

   “Актерлук-менин жашоом. Мен өзүмдү андан башка кесипте элестете албайм. Бирок азыркы учурда кыргыз киносунда профессиналдуу эмес актерлердун көбөйгөндүгү мени өтө эле кайгыга салат. Эгерде ар бир адам өз жумушун аткарып, өз кесиби менен алек болсо, анда кыргыз киносу мындан да жакшыраак болмок.”-деп, Мурат агай өзүнүн сөзүн аяктады. Учурда Мурат Мамбетов Б. Бейшеналиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр институтунда кыргыздын келечектеги таланттуу жаш актерлорун даярдоодо.  

 Жазган: Шайдылдаев Жоомарт

Автопортрет Автопортрет Автопортрет

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться