Жаз майрамы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаз майрамы

Ата – Түрктү эскерүү, спорт жана жаштар майрамы өттү, иш-чаранын ачылышы көзгө жаш алдырган Манас айтуу менен башталды.



Кыргыз- Түрк Манас университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан  жана  биринчи проректор А. Кулмырзаев чыгып сүйлөп каалоо- тилектерин айтып, февралдан тарта өтүлүп келе жаткан спорт мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшыруу менен уланды.

   «Февралдан бери демилгеленип келе жаткан спорт оюндары кечээ 16-май күнү аяктап жалпысынан 602 студент таймашып  эң мыктылары суурулуп чыкты. Бул таймаш негизинен 2 багытта жүрүп, мугалимдер да күч сынашты. 1 – орунду Экономика жана башкаруу факультети алса, «Көк Жал» командасы да биринчиликтен кур калган жок»- деп билдирди Спорт- илимдер факультетинин  деканы , профессор, доктор Канат Жанузаков.

 

   Бул менен бирге студенттерди тааныштыруу жана колдоо максатында “Карьера күнү” белгиленип, жергиликтүү иш каналар ошондой эл аралык иш каналардын танытуу стенттери курулду.

 

   Майрамдын аякташы студенттер тарабынан уюштурулган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

Жазгандар: Тотева Рахима,

Айдарбекова Надира,

Бейшенбекова Адиля,

 Турусбекова Жеңишгүл

Жаз майрамы Жаз майрамы Жаз майрамы Жаз майрамы Жаз майрамы Жаз майрамы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться