Туруктуу органикалык кирдеткичтердин экологияга таасири » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Туруктуу органикалык кирдеткичтердин экологияга таасири

Туруктуу органикалык булгоочу заттар - эң коркунучтуу органикалык кошулмалардын жалпы аталышы. Бул түшүнүк "Туруктуу органикалык булгоочу заттар" боюнча 2001-жылдын май айында Стокгольм конвенциясында каралып, иретке келтирилип жана кол коюлган. Ал эми ишке 2004-жылдан тарта аша баштаган. Бул адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө, жапайы жаратылышка таасир этүүчү өтө уулуу химиялык заттардан коргоого багытталган глобалдык келишим болгон. 



         "Тема" теледолбоорунун бул чыгарышында дал ушул туруктуу органикалык кирдетүүчүлөр тууралуу кеп козголду. Түз эфирдин коногу химия илимдеринин кандидаты Нурзат Шайкиева студиябызга келип көрүүчүлөргө аз да болсо, жаратылышыбызга жана анын бир бөлүгү болгон адамзаттын ден соолугуна терс таасир берип жаткан уулуу заттар тууралуу баяндады.

          Көрсөтүүнүн жүрүшүндө Нурзат айым негизинен:

- Туруктуу органикалык кирдетүүчүлөр кандай мүнөзгө ээ?

- Туруктуу органикалык кирдетүүчү бирикмелер кандай максаттарда колдонулган?

- Бул заттарды жок кылуу үчүн кандай чараларды колдонуу керек?

- Туруктуу органикалык кирдетүүчүлөр менен күрөшүүдө Кыргызстандагы тенденция кандай?

деген өңдүү суроолорго жооп берип кетти.

 

          Теледолбоордун толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

 

          МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Туруктуу органикалык кирдеткичтердин экологияга таасири Туруктуу органикалык кирдеткичтердин экологияга таасири Туруктуу органикалык кирдеткичтердин экологияга таасири

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться