IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму

“Манас” университетинде “IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму” өткөрүлдү.



Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Кыргыз – Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) “IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму” өткөрүлдү.
IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму, “Манас” университети тарабынан уюштурулуп, ага “Хожа Ахмед Йесеви” эл аралык казак-түрк университети, Түркиянын Хожаттепе университети жана Азербайжан мамлекеттик экономика университети катышты. Форум жогоруда аты аталган университеттердин кызматташуусу алкагында өткөрүлүп жатат. Түркиянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (ТИКА) бул Форумду өткөрүүгө көмөк көргөздү.
“Жибек жолу элеси: ыкмалар жана жаңы изденүүлөр” деген аталышта өткөрүлгөн форумда, Жибек Жолун бойлой жайгашкан мамлекеттердин экономикалык, саясий, маданий жана социалдык маселелери тууралуу кеп козголуп, түрк дүйнөсүнүн келечеги талкууланды.
Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн, Экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Хакан Четинташ, Жибек Жолу кесип өткөн өлкөлөр бири-бирине дагы да жакын болуусу керектигин айтып, түрк дүйнөсү биримдикте болсо гана өнүгүү жолуна түшө аларын баса белгиледи.
КТМУ ректору, профессор Себахаттин Балжы, 25 жылдан бери эгемендүүлүгүн коруп келе жаткан түрк дүйнөсүндө улуу үмүт оту тутанганын; ал, биримдик ичиндеги күчтүү түрк дүйнөсү деп аталарын белгиледи. “Тили, дини бир болгон, бир бабанын урпактары катары бул учурдун баркына жетели”, деген Себахаттин Балжы, ушундай ыкма менен гана түрк тилдүү мамлекеттер кайрадын дүйнөнүн борборунан орун ала аларын эскертти. Ректордун айтымында, Улуу Жибек Жолу канчалык эски түшүнүк катары колдонулса да, дагы деле таасирини жогото элек. “Кыргызстандын бул жолдун так ортосунда, стратегиялык мааниге ээ аймакта жайгашканын, мунун убагында баалай билүү керек”, деп баса белгиледи.
“Хожа Ахмад Ясеви” эл аралык казак-түрк университетинин проректору, профессор Мустафа Нурсой, Жибек Жолу жалгыз эле соода-сатык үчун колдонулбаганын; маданияттардын, каада-салттардын, тилдердин уюткусу орногон жол экенин айтып, технологиянын жана транспорттук каттамдын жакшыруусунун натыйжасында Жибек Жолунун да тездик менен өнүгөөрүн белгиледи.
Азербайжан мамлекеттик экономика университетинин ага окутуучусу, профессор Фаррух Тузжуоглу, Евроазия гумманитардык илимдеринин түзүлүүсү үчун көптөгөн иш-аракеттер талап кылынарын, бирок бул аракеттин натыйжасы жакшылык алып келерин белгилеп өттү.
Түркиянын Стамбул университетинин проректору, профессор Седат Мурат, түрк дүйнөсүнүн орток тил байлыгынан кеп козгоп, тилдин; маданий, адабий, социалдык жана философия сыяктуу бир топ багытта таасири жогору экенин айтып, түрк дүйнөсүнүн орток тил түшүнүгүн күчтөндүрүп, өнүгүүгө ушул өңүттө багыт алуусу жакшы натыйжа берерин баса белгиледи.
Ачылыш сөзүнөн кийин, ар кайсы өлкөлөрдөн келген 70 катышуучу, “Биригүүлөр жана ажырымдар”, “Тил жана маданият”, “Маданият жана цивилизация” деген темалардын тегерегинде доклад окушту.

Радио – ТВ мүдүрлүгү
ММК жана коом менен байланыш бюросу

IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму IV. Евроазия гумманитардык илимдеринин форуму

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться