Жасалма интеллект » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жасалма интеллект

Көз жана көрүү жашообузда чоң ролду ойнойт. Эч ким караңгылыкта жашагысы келбесе керек. Бул багытта микрохирургия жана офтальмологиядагы жетишкендиктер менен жаңы ачылыштар бийик мааниге ээ. Көз томографиясы аркылуу биофизикалык изилдөө гипотезаларына таянып адамда пайда болчу оорулардын алдын алууга мүмкүндүк бар экенине ишенесизби?



          Дал ушундай сөздөрү менен телеканалыбыздагы "Атайын репортаж" программабызды Түркиянын Гази университетинин ага окутуучусу, илимдин доктору, офтольмолог, Манас университетине атайын чакырылган конок Онур Инам баштап берди. 

          Көз адиси көрсөтүүнүн жүрүшүндө: өзүн тааныштырып, көз жана көрүүгө байланышкан ооруларды, алардын кантип алдын алса болоорун, алдын алуудагы илимий изилдөөлөрдү, жасалма интеллект терминин, анын жардамы менен көптөгөн ооруларды тастыктоодогу жаңы ачылыштарды, жасалма интеллекттин келечектеги перспективаларын ж.б. көптөгөн кызыктуу фактыларды баяндап кетти. 

           Эскерте кетчү нерсе Онур Инам бүгүн 27-апрелде КТМУнун Маданият борборунда саат 13.30 да дал ушул "Көз жана көрүү саламаттыгы изилдөөлөрүндө биофизикалык көрүүнү камсыздоо ыкмалары жана жасалма интеллект" аттуу жеке семинарын тартууламакчы. 

              Ал эми программабыздын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

              МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Жасалма интеллект Жасалма интеллект

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться