Кыргыз эл акыны Жоомарт Бөкөнбаевди эскерүү күнү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз эл акыны Жоомарт Бөкөнбаевди эскерүү күнү

Коммуникация факультетинде акын Бөкөнбаевдин чыгармачылыгына карата эскерүү күнү өткөрүлдү.



Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинде кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акын, котормочу, драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгына карата эскерүү күнү өткөрүлдү.

Аталган иш – чарага акындын уулу, КР Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор Кулубек Бөкөнбаев, жазуучу, акын, адабиятчы Самсак Станалиев жана башка кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан көрүнүктүү окумуштуулар жана студенттер катышты.

Эскерүүдө Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу “Талант сыры” деген аталыштагы даректүү тасма көрсөтүлүп, артынан Самсак Станалиев жана Кулубек Бөкөнбаев акындын өмүр баяны жана чыгармачылыгынын урунттуу жерлеринен студенттерге айтып беришти. Иш – чара студентерди кызыктырган суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Кыргыз эл акыны Жоомарт Бөкөнбаевди эскерүү күнү Кыргыз эл акыны Жоомарт Бөкөнбаевди эскерүү күнү Кыргыз эл акыны Жоомарт Бөкөнбаевди эскерүү күнү Кыргыз эл акыны Жоомарт Бөкөнбаевди эскерүү күнү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться