Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor



Окуу жайда жаз мезгили келээри менен жашылдандыруу, бак отургузуу иштери салтка айланган. Быйыл да Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун айланасын жашылдандыруу иштери “Жашыл келечек” долбоорунун алкагында уюштурулуп, «Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасына жана аллеясына кѳчѳт отургузуу саамалыгы» болду.

Саамалыктын алкагында ийне жана жазы жалбырактуу, узундугу 2-5 метрлик, 800 түп бак-дарактардын кѳчѳттѳрү отургузулду. Мындан тышкары мѳмѳ-жемиштердин кѳчѳттѳрү отургузулат, алардын 50дѳй түрү Түркиядан алынып келди.

Иш-чара үстүбүздѳгү 2022-жылдын 22-апрелинде Ч.Айтматов атындагы кампусунда ѳтүп, ага университеттин жетекчилери, окуу жайдын окутуучулары, студенттер, ишкерлер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана демѳѳрчүлѳр катышты.

Салтанаттын ачылышында ректор, профессор Алпаслан Жейлан:

«Берекенин, биримдиктин айы болгон Рамазан айы биз үчүн ийгиликтүү өтүп жатат. Бул ай ичинде алгач 1600 кишинин башын бириктирген ачык асман алдында ооз ачуу уюштурулду, андан кийин муктаж болгон үй-бүлѳлѳргѳ тамак-аш азыктарынан турган баштыкчалар даярдалып таратылды. Быйылкы бак-дарак отургузуу майрамынын ѳзгѳчѳлүгү – бул Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасына жана аллеясына бак-дарактардын кѳчѳттѳрүн отургузуу саамалыгы болуп саналат. Түркия 5,5 миллион кѳчѳт отургузуп жатат, биз Кыргыз-Түрк “Манас” университетине ботаникалык бакча ачып, бак отургузуп жатабыз. Айыл чарба факультетинин демилгеси менен мѳмѳ-жемиштин кѳчѳтттѳрү да тигилүүдѳ. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн жарыялаган. Биздин иштер бири-бирине дал келип жатат, бул жакшы саамалык.

1 миллион доллардан ашык салым кошуп, колдоо кѳрсѳтүшкѳн бардык демѳѳрчүлѳргѳ жана талыкпай эмгек кылган университеттин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз”, - деди.

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Бак-дарак отургузуу жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү менен университетибизди дагы да көрктөндүрүп көркүнө чыгарабыз. Кампуска из калтыруунун бир ѳрнѳгү да жашылдандыруу болуп саналат. Ошондуктан «Манас» университетине берилген жер аянтын натыйжалуу колдонуп, парк боло турган жерлерге бак тигип, жашылдандырышыбыз керек. Келечекте кампусубуз Бишкектин тургундары үчүн да эң сонун эс алуучу жай болот деген ишеничтебиз”, -деген оюн билдирди.

Иш-чаранын демилгечиси, айыл чарба факультетинин мѳмѳ жемиш жана талаа ѳсүмдүктѳрү бѳлүмүнүн ага окутуучусу Хасан Йылмаз: “Бул ботаникалык бакча келечекте студенттердин эс ала турган багына айланат. Бир гана студенттердин эле эмес, шаар тургундары, сырттан келген меймандар да эс алса болот. Буга чейин да Түркияда ботаникалык бакча курганбыз, ошондо Кыргызстанда ачсам деп кыялдандым эле. Мына азыр бул ишке ашып отурат”, - деди.

Долбоордун ишке ашуусуна TÜKİD, Eti Bakir, Novotel, Elka Trade, Nobel İlaç, GRUPPLANTPARK, Madiyo Декна Бишкек текстиль, DemirBank, Coca-Cola компаниясы, “”АТА, кондитердик фабрикасы профессор Гүнгөр Акчай жана башкалар колдоо көрсөтүштү.


Загрузка плеера...


Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor Manas’ın Yeşil Gelecek Projesi Hayata Geçiriliyor

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться