Интенсивдүү багбанчылык » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Интенсивдүү багбанчылык

Интенсивдүү багбанчылык салтуусунан айырмаланып, жерди рационалдуу пайдаланып, аз убакытта, оперативдүү түрдө бак-дарак же мөмө-жемтиш олтургузуп, аны ирети менен карап, аз күч жумшап бирок күтүлгөндөн көп түшүм алуу ыкмасы болуп саналат. 



       "ТЕМА" телекөрсөтүүсүнүн коногу агроном, менеджер Бактыяр Медетбек уулу болду. Ал учурда Батыш өлкөлөрүнөн биздин айыл чарба системасына келип аткан жаңы ыкма "интенсивдүү багбанчылык" тууралуу айтып берди. 

       Адисибиз интенсивдүү багбанчылык:

- алдын ала топурактын асылдуулугун лабораториялык текшерүүнү;

- чет өлкөлдөн алынып келинген өзгөчө тамырга ээ болгон кыска бойлуу (карлик) көчөттөрдү;

- бактардын кулап калбашы үчүн "шпалера" сыяктуу атайы жабдыктарды;

- тамчылатып суугаруу гидросистемасын;

- багып күтүү менеджерлиги камтыйт экенин деталдаштырып баяндады. Мындан сырткары интенсивдүү багбанчылыкта отургузган көчөттөрүңүзгө өтө кылдат кам көрүп, катуу коргоого алыш керек экендигин баса белгиледи. 

 

       Төмөнкү видеодон программанын толук чыгарылыш көрө аласыздар. 

 

       МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 

 


Загрузка плеера...


Интенсивдүү багбанчылык Интенсивдүү багбанчылык

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться