Студиянын коногу, профессор Мехмет Түркмен. Программада спорттун бир түрү катары жаа атуу өнөрү анын тарыхый процесси айтылды. Профессор Мехмет Түркмен спорт түрлөрүнүн бири болгон жаа атуу - Түрк дүйнөсүндө качан пайда болгон, жаа атуу спорт түрү катары эмнеге үйрөтөт, машыгуулар кандай өтөт деген суроолорго жооп берди.
Быйыл Түркиянын Изник шаарында 28-сентябрдан 5-октябрга чейин өтүүчү IVДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ушул жаа атуу боюнча да мелдештер уюштурулат.