Кыргызстанда диний абал » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда диний абал

Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Кыргызстандын тарыхын, каада-салтын, маданий түзүлүшүн эске алуу менен дин коомго зарыл деп кабыл алынган. Динге ишенүү эркиндигин камсыз кылуу, динди расмий жана жеке чөйрөдө институтташтыруу жана дин менен мамлекеттик мамилелерди кайра аныктоо аракеттери көрүлдү. Бул демилгелердин натыйжасында 1991-жылы кабыл алынган Конституцияга төмөндөгүдөй жоболор киргизилди: «Кыргыз Республикасында ар бир адам динге ишенүүгө, диний үрп-адаттарды жана каада-салттарды карманууга, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу.”



        Студиябыздын коногу КТМУ Теология факультетинин доценти, Дин таануу илимдеринин доктору Бакыт Мурзараимов агай болду. "Тема" телекөрсөтүүсүнүн алкагында Кыргызстандагы диний жагдайды, мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан бери дин таануу тармагыбыз боштукта калгандыгын, динге ишеним жолун издеген жаштар түрдүү бурмаланган агымга кирип кетип жатканын, мамлекеттик деңгээлде мындай көрүнүштөр колго алынып, теске салыныш керектигин, дин тааныган адам менен диндар адамдын айырмачылыгын, дагы көптөгөн фактыларды айтып берди.

         Көрсөтүүнүн толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот. 

 

         МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Кыргызстанда диний абал Кыргызстанда диний абал

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться