Микроорганизмдер тууралуу “Тема” берүүсүндө илимпоз Руслан Адил Акай Тегин маек курду
“Адамдар биз жалгызбыз деп коркпогула сиздер менен бирге дайыма бактериялар чогу жүрөт, жалгыз эмесиңер.”- деп сөз баштаган Руслан Адил Акай Тегин ; “ Микроорганизмдерди микробиология илими изилдейт. Алар чөйрөнүн түрдүү факторлоруна өтө туруктуу болгондуктан эң кеңири таралган. Микроорганизмдер патогендүү (оору пайда кылуучу) жана патогенсиз болуп бөлүнөт.”-деп кошумчалады ал. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды бактериялар, кээде ачыткы жана кебер козу карындар, актиномицеттер козгойт.
Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз