Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү

“Манас” университетинде “Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондон кийинки аймактык өнүгүүсү” деген аталыштагы симпозиум өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Кыргыз – Түрк “Манас” университетинде (КТМУ)  “Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондон кийинки аймактык өнүгүүсү” деген аталыштагы симпозиум өттү.

Симпозиумга Кыргызстандын бир катар аймактарынан келген, учурда экономика багытында билим алып жаткан студенттер катышты. Иш-чарада аймактык өнүгүү, жумушсуздук, жеке сектордун абалы, айыл-чарба иштери, туризм сектору жана башка экономикалык темаларда кызуу талкуу жүрдү.  

КТМУ ректору, профессор Себахаттин Балжы, симпозиумдун ачылыш сөзүндө, студенттердин өлкөнүн өнүгүүсу үчүн өз ара талкуу уюштуруулары, бирликте иш алып баруулары жакшы өбөлгө экенин белгиледи. Ректор, дүйнөдө эң көйгөйлүү темалардын бири экономика экендигин айтып, аймактык өнүгүү, жумушсуздук, айыл-чарба иштери, туризм сектору тууралуу кеп козгоду.

КТМУ Экономика жана башкаруу факультетинин деканы, профессор Хакан Четинташ өз сөзүндө жаштардын билим алуусуна басым жасады. Анын айтымында жаштардын ушул өндүү иш – чарага көп катышуусу абдын маанилүү. Анткени жаш муундун мындай көйгөйлөрдү чечүүгө болгон далалаты өлкөнү дагы алдыга жылуусуна көмөкчү болот.

Симпозиум тууралуу кененирээк маалымат берген аталган факультеттин экономика бөлүмүнүн башчысы, профессор Жусуп Пиримбердиев, бул бөлүмдө билим алып жаткан студенттер өздөрүн ар тараптан өнүктүүрүсу керек деп белгилейт.

Ачылыш сөзүнөн кийин 64 студент ар кандай экономикалык темалардын тегерегинде 4 топко бөлүнүп баяндама жасады. Андан соң калыстар тобунун чечими менен Сапарали Асылбек уулу, Чынара Бектурсунова, Данияр Таалайов, Кожоева жана Алиев биринчи орунга татыктуу деп табылышты.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү, 

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү Евразия экономикалык биримдиги жана аймактык өнүгүү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться