PR-кампания, башка кампаниялардан өзүнүн максаттары менен айырмаланат. Негизги максаты, уюм үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон коомчулуктар менен өз ара пайдалуу мамилени түзүү. Анткени бул коомчулуктар уюмдун ийгилигине жана өнүгүшүнө таасир берүүчү элемент катары маанилүү.
"Тема"телекөрсөтүүсүнүн бул чыгарылышында PR-(public relations) коомчулук менен байланыш темасын ачып бергенге аракет кылдык. Көрсөтүүнүн коногу катары КТМУ нун Коммуникация факультетинин ага окутуучусу Канышай Муктарова келди.
Негизинен коногубуз программанын алкагында:
- ПР кампания деген эмне?
- Эмне себептен уюмдар ПР кампанияларды өткөрүшөт?
- ПР компаниясын түзүүдөгү этаптар жана изилдөө этабын өткөрүү зарылчылыгы барбы?
- Пландоо учурунда эмнелерге көңүл буруу керек?
- Эл аралык деңгээлде өкөрүлгөн пр кампаниялардын мисалдары кайсылар?
деген суроолорго так жана жеткиликтүү кылып жооп берди.
Толук чыгарылышты төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот.
МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев