Органикалык жер семирткичтер » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Органикалык жер семирткичтер

Азыркы кезде дүйнөдөгү адамзаттын көйгөйлүү маселеси бул - туура азыктануу. Ал үчүн адам баласы ден соолукка жаккан, зыянсыз, узак жашоосун камсыздаган, оорубай турган азыктарды өндүрүү керек. Кийинки мезгилде өнүккөн өлкөлөрдүн көбү табийгый азыктарды өндүрүүгө өтө башташты.

Медицинанын өнүгүшү менен мурда болуп көрбөгөндөй оорулар катталып жатат. Анын себеби жеп аткан тамак-ашыбыздын ичинде адам ДНКсын мутацияга учурата турган, химиялык жактан уу заттарды көп жегендиктен. Ушул себептүү көпчүлүк мамлекеттер органикалык тамактанууну колго алып жатышат. 



            Бүгүнкү "ТЕМА" көрсөтүүбүздүн коногу, биология илимдеринин доктору, профессор Тинатин Дөөлөткелдиева дал ушундай кептери менен маекти баштады. 

            Тинатин айым көрсөтүүнүн жүрүшүндө:

- Кыргызстанда органикалык азыктарды өндүргөн 9 миң гана аймак бар экени;

- органикалык айыл чарбанын негизги максатттары;

- органикалык жер семирткич катары кыктын айыл чарбада туура колдонулушу;

- органикалык жер семирткич катары курттардын пайдасы;

- белгилүү бир микроорганизмдерден турган био жер семирткичтердин келип чыгышы;

- топурактан био жер семирткичтерди бөлүп алуунун жолдору;

- био препараттардын түрлөрү;

тууралуу убакыттын жетишинче баяндап берди. 

            Теледолбоордун толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот. 

 

            МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев

 


Загрузка плеера...


Органикалык жер семирткичтер Органикалык жер семирткичтер Органикалык жер семирткичтер

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться