Заттардын интернети » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Заттардын интернети

Жолдорго жайгаштырылган сенсорлор менен тыгындардын себеби үйрөнүлүп ага чечим табылса, автоунаалардын акылдуулугу менен жол чырак колдонууга муктаждык калбаса, машина өзү токтоп, өзү кооптуу жерде сигнал берсе, негизгиси ойлоп көрсөңүз машинанын ичиндеги монитор аркылуу үйдөгү акылдуу муздаткычты башкарып, мешке тамак буйрутма бере алсаңыз - анда мунун баары заттардын интернетинин жөндөмү болуп саналат. 

 



            КТМУнун Кесиптик жогорку мектебинин ага окутуучусу Абдуллах Эрдал Түмер дал ушул заттардын интернети, өнүккөн технологиянын жараяны тууралуу "Тема" теледолбоорубуздун алкагында сүйлөп берди. 

            Котормочусу, студенти Алтынай Бакалбаева менен келген адисибиз көрсөтүүнүн алкагында:

- колубузда көтөрүп жүргөн акылды телефондордун мүмкүнчүлүктөрү;

- Google компаниясынын акылдуу термостаты;

- акылдуу ачкыктардын коопсуздугу;

- балдар үчүн каралган акылдуу тиш щеткасы;

- бакчаларыбыздагы акылдуу суугаруу системалары;

- акылдуу шаарлар;

- өзү токтоп, өзү кырсыктын алдын алган акылдуу машиналар;

- нерселердин интернетинин көйгөйлөрү;

тууралуу баяндап өттү. 

            Программанын толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

            МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Заттардын интернети Заттардын интернети Заттардын интернети Заттардын интернети Заттардын интернети

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться