Жаратылыш менен бирге жазда кенелер да ойгонот » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жаратылыш менен бирге жазда кенелер да ойгонот

“Жаңы күн” долбоорунун 19.04.2016 күнү, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемологиялык көзөмөлдөө депатаментинин дарыгери, энтомолог Зайнидин Мамыров конок болду.



Кене вирустук энцефалити, баш мээни, жүлүндү жабырката турган вирустук оору, ал кене чагып алган учурда пайда болот. Аталган оору бир кана кененин чагуусу менен адамга жукпастан, эчкинин чийки сүтү менен да жугуусу мүмкүн, ошол себептен сүттү пайдаланаардан мурун жакшылап кайнатып бышырып алуу абзел. Оору көп учурда жаз жана жай  мезгидеринде өнүгөт. Глобалдуу күндүн жылышы менен табият да эрте ойгонуп, аны менен бирге кенелер да эрте аракетке өтүшкөндөй. “Саламатыкты сактоо министирлиги калк арасында, кене вирустук энцефалити тууралуу түшүндүрүү иштери жакшы жүргөндүктөн, калк кене чагаары менен атайын борборлого кайрыгандардын саны артып келүүдө.”- деген дарыгер, “Эгер убагында дарыланбаса, дагыгерлерге кайрылбаса бейтаптын ден соолугу кана солгундабастан, өлүп да калышы мүмкун.”- деп кошумчалады.  “Жарандарыбыз жаратылыш койнуна барып эс алган учурда жакындарынын жана өздөрүнүн ден соолугуна кам көрүп, өңү ачык түстөгү кийимдерди кийип, денесин текшерип турушу шарт. Кене бут жактан кириши мүмкүн ошол себептен шымдын багалегин байпака киргизип кийинүү туура. ”- дейт дарыгер. “ Кене чагып алган учурда, бейтаптын дене табы көтөрүлүп, башы катуу ооруп, дене булчуңдары алсыраса, сөз жок ак халатчадарга кайрылуу керек.”-дейт адис Зайнидин Мамыров.

Жаратылыш менен бирге жазда кенелер да ойгонот Жаратылыш менен бирге жазда кенелер да ойгонот Жаратылыш менен бирге жазда кенелер да ойгонот Жаратылыш менен бирге жазда кенелер да ойгонот

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться