Рамазан айынын диндеги мааниси » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Рамазан айынын диндеги мааниси

Орозо Арап тилинен которгондо "савм" же "сыям" деп аталып сөздүктө: таштоо, бир нерседен корунуу, өзүңдү кармануу, напсини буза турган нерселерден узак болуу деген маанини билдирет.

Фыкх-и мааниде болсо ибадат кылуу ниети менен күн чыккандан күн батканга чейинки аралыкта эч нерсе жебөө, ичпөө, жыныстык жактан кармануу дегенди туюндурат. 



       "Тема" телекөрсөтүүсү бул сапар чыгарылышын рамазан айынын маанилүүлүгүнө арнады. Студияга конок катары КТМУнун Теология факультетинин доценти, доктор Али Йүксек келип рамазанда айындагы орозо кармоонун негизги эрежелерине токтолуп кетти.

        Көрсөтүүнүн жүрүшүндө алгач орозонун кыскача тарыхынан, касиетинен, куттуу тарабынан, кимдер сөзсүз кармоо керек, кимдерге кармабаганга уруксат берилгендигинен,  орозону эмнелер буза турганынан баяндап кетти. Али Йүксектин сөздөрүн көрүүчү жана угармандарга магистранты Абдимухаммед Рысалиев кыргыз тилине которуп берди. 

        Программанын толук вариантын төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот.

 

        МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Рамазан айынын диндеги мааниси Рамазан айынын диндеги мааниси Рамазан айынын диндеги мааниси

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться