Ветеринар врач - Мехмет Акиф Эрсой » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ветеринар врач - Мехмет Акиф Эрсой

Мехмет Акиф Эрсой: Түркиянын “Улуттук Гимнин” жазган акын. Түркиянын Мамлекеттик Гимни Түркиянын Улуу улуттук жыйыны тарабынан 1921-жылдын 12-мартында кабыл алынган. Быйыл 12-мартта Гимндин 101 жылдыгы белгиленди. Кошумчалай кетсек, 1925-жылдын 18-мартында Түркиянын Чанаккале деңизинде жеткен жеңишине 107 толот. Бул жеңиш жана шейиттер дастанын жазган дагы Мехмет Акиф Эрсой.



         "ТЕМА" телекөрсөтүүсүнүн бүгүнкү коногу КТМУнун Ветеринария факультетинин ага окутуучусу, проф.докт. Хасан Хүсейин Ары мына ошол жогору жакта аты белгиленген, Түркиянын сыймыгы, түрк дүйнөсүнүн аалымы Мехмет Акиф Эрсой тууралуу кеп козгоду. Себеби ал киши негизинде күчтүү ветеринар болгон. 

           Программанын алкагында Акиф Эрсойдун ветеринардык билимди кайдан алганын, канча жыл, кайсы жактарга ветеринария программалары боюнча иштегенин, кимдерден таасир алганын, артынан эрчиткен шакирттерин, Түрк дүйнөсүнүн ветеринария тармагына кошкон зор салымдарын баяндап өттү. Ал эми Хүсейин Арынын сөздөрүн ассистенти Азиз Бегалиев кыргыз тилине которуп айтып берди.

 

               МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Ветеринар врач - Мехмет Акиф Эрсой Ветеринар врач - Мехмет Акиф Эрсой

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться