САГЫН АКМАТБЕКОВАНЫН ПОЭЗИЯСЫ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

САГЫН АКМАТБЕКОВАНЫН ПОЭЗИЯСЫ

КР Эл Акыны Сагын Акматбекова кыргыз поэзиясына өзгөчөлүк киргизген, стилдик чеберчилиги, ырларындагы тематикалык-идеялык масштабы, колдонгон көркөм методдору менен айырмаланып турган акын. 

Ал эле эмес өз чыгармачылыгында батыш жана чыгыш поэзиясынын өзгөчөлүктөрүн кыргыз дүйнөтаанымы менен айкалыштыра билген чеберчилиги аркылуу бааланат.



       "ТЕМА" телекөрсөтүүсү бул ирет өз багытын адабият тармагына буруп, студиянын коногу катары филология илимдеринин кандидаты, КТМУнун Коммуникация факультетинин ага окутуучусу Гүлзада Станалиеваны чакырды. 

        Станалиева маектин жүрүшүндө:

- Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекованын кыргыз адабиятындагы орду;

- Өзүнөн кийинки жаш муундарга тийгизген таасири;

- Эссе жанрындагы жаратмандыгы;

- Чыгармачылыгындагы батыш жана чыгыш поэзиясынын синтези 

         тууралуу айтып берди. Айткан кептерине далил катары айрым ырларынан да мисал келтире көркөм окуй кетти.

         Маектин толук чыгарылышын төмөндөгү видеодон көрө аласыздар. 

 

         МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев

 

САГЫН АКМАТБЕКОВАНЫН ПОЭЗИЯСЫ САГЫН АКМАТБЕКОВАНЫН ПОЭЗИЯСЫ САГЫН АКМАТБЕКОВАНЫН ПОЭЗИЯСЫ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться