Ветеринария адамзат тарыхындагы эң байыркы кесиптердин бири деп эсептелет. Айрыкча IX-кылым жана XV-кылымдар арасында жаныбарлардын оорулары жөнүндө көптөгөн араб кол жазмалары бар. Ошондой эле 1761-жылы Лион шаарында биринчи ветеринардык факультет түзүлгөн. Андан кийин башка өлкөлөрдөгүдөй эле, 1842-жылы Түркияда жана 1933-жылы Кыргызстанда биринчи ветеринардык окутуу башталган.
Жогоруда белгиленгендей Ветеринария кесиби тууралуу негизги маалыматтарды КТМУ Ветеринария факультетинин деканы, проф.докт. Исмаил Шен "ТЕМА" телекөрсөтүүсүнүн алкагында берип кетти.
Программага бөлүнгөн убакытты профессор Шен:
"- Ветеринардык врач "сөз катары" эмнени билдирет?
- Кыскача тарыхчасы кандай?
- Ветеринардык врач эмне кылат?
- Малдан адамга жугуучу оорулардын алдын алууда ветеринарлардын ролу кандай?
- КТМУнун Ветеринария факультетинин башка окуу жайлардан өзгөчөлүгү эмнеде?" - деген сыяктуу суроолордун жоопторуна токтолду. Маекти түрк тилинен кыргыз тилине аталган факультетин илимий кызматкери Нур Абдыманап уулу которуп баяндады.
Кененирээк маалыматты төмөнкү видеодон ала аласыздар.
МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев