Спорттук коляска бийи боюнча чебер - Адина Самыйбек кызы. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Спорттук коляска бийи боюнча чебер - Адина Самыйбек кызы.



           8-9-апрелде Астанада спорттук коляска бийи боюнча "Kazakhstan Open-2016" Эл аралык мелдеши болуп өттү. Өз таланттарын тартуулап Австрия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тайбэйдин өкүлдөрү болуп 80 коляскадагы бийчи катышкан. Өлкөбүздүн атынан САМЫЙБЕК кызы АДИНА эркин программада жеке бийин аткарып, 5-орунду багындырган. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

 

           Мына ушул маалыматты интернет булактарынан окуурубуз менен Адинага кабарлашып эфирге чакырдык. Мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай таланттуу кыз "Жаңы күн" радиодолбооруна келип берди. Жарым сааттык маектин жүрүшүндө Адина төрөлгөндө эле ушундай төрөлгөнүн, өзүн мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катары эсептебестигин, атайы мектепте 11-класста окугандыгын, мына ушул бийге мектеп курагында келип тандап кетишип 4-5 жылдан бери машыгып жүргөнүн, бий аркылуу көптөгөн конкурстарга катышып байгелүү орундарды алып, чет мамлекеттерге барып келгендигин айтып берди.

 

           Андан тышкары спорттук коляска бийине башка тараптан келген бийчилердин коляскаларынын атайы бийге ылайыкталып чыгарылганы, бизде андай коляскалардын жоктугу,  аталган коляска колунда болсо бийди мындан да өнүктүрөөрү тууралуу да баяндады.

 

           Сөзүнүн соңун Адина: "Ушул жылдын күзүндө Тайвандын борбору Тайпей шаарында масштабдуу деңгээлде спорттук коляска бийи боюнча жарыш өтөт. Ошол жарышка Кыргызстандын атынан катышкым келет. Бирок маселе келип эле каражат жагына такалат. Ушул планды ишке ашырып алсак жакшы болот эле..." деген сыяктуу жаркын ойлор менен жыйынтыктады. 

 

            Алты саны аман туруп  болор-болбос нерселерге кейий берген адамдардын жанында мекендешибиз Адинанын мындай умтулган, шатыра-шатман, аракетчил мүнөзү инсан катары жүрөгүбүздү кубандырды. 

 

Жылдызбек Турсунбаев

 

 

 

Спорттук коляска бийи боюнча чебер - Адина Самыйбек кызы. Спорттук коляска бийи боюнча чебер - Адина Самыйбек кызы. Спорттук коляска бийи боюнча чебер - Адина Самыйбек кызы.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться