КЕЛЕЧЕКТЕГИ ТАМАК-АШ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ТАМАК-АШ



          Бүгүнкү "ТЕМА" телекөрсөтүүсү "Келечектеги тамак-аш" темасы менен кооздолду. Студиябыздын коногу КТМУ Тамак-аш инжеренериясы кафедрасынын башчысы доцент Анарсейит Дейдиев болду. 

          Жогодуда белгиленген тамак ашты түгөтүү боюнча калкnы 2 топко бөлгөн маектешибиз, аба ырайынын өзгөрүп экологиялык проблемалар болуп жатканын, жакынкы 30-40 жылда дүйнө элинин саны 9 миллиарддан ашаары божомолдонуп атканын, ошонун баары тоюнуш үчүн окумуштуулар жаңы технологияларды жана алтернативдүү тамак азыктарын ойлоп таап жатканын, жаңы ойлоп табылган азыктар негизинен биринчи топтогу адамдар гана экенин белгилеп кеп баштады. 

          Анарсейит агай Билл Гейтстин сөзүнө таянып жаңы технологиялар миллиарддаган ачка адамдарды жөн гана тамак-аш менен камсыздабастан, кадимки көнүмүш тамак-аштын сапатын жана курамын өзгөртөрүн, азыркы тапта окумуштуулар дан өсүмдүктөрдү да, мөмө жемиштери сыяктуу, аларды жыл сайын эгип убара болбостон ондогон жылда бир тигип, көп жылдык кылып өстүрүүнүн жолун ойлоп таап жатканын, эгер кокус бул ыкма ишке ашса  экономикалык жактан өтө пайдалуу нерсе болорун айтып берди.  

         Мунун сыртанда деңиз өсүмдүктөрү, деңиз жаныбарлары алардын биздин ден соолукка тийгизген пайдасы, жаратылыштык өзгөрүүнүн кесепетинен Карадеңизде медузалардын көбөйүп кеткенин, БУУнун бир докладында аларды күрөшүп жок кыла албасак, тамак-ашка колдонуу керектиги айтылганын белгиледи.  

         Кийинки эфирде болсо жаңы технологиялардын жардамы менен келечекте ортого чыга турган тамак түрлөрүн баяндап берээрин убадалады. 

 

         МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


КЕЛЕЧЕКТЕГИ ТАМАК-АШ КЕЛЕЧЕКТЕГИ ТАМАК-АШ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться