Мезгил. Театр. Кесипкөй жаштар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мезгил. Театр. Кесипкөй жаштар



Учурдагы театралдык искусство жана жаштарга мотивация

 

Театралдык искусство учур талабына ылайык өзгөрүүнүн үстүндө. Театр коомду өзгөртөт деп бекеринен айтылбаса керек. Программанын коногу окуу жайдын көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Тыналиева: Азыр жаңыча эстетикага көңүл бурулуп жатат. Документалдык театр, сөзмө-сөз жеткирүү, пластикалык театр, художниктин театры алдыңкы позицияга чыкты. Улутубуздун “ Манас” айтуу өнөрү б.а бир актердун театры да азыр актуалдуу. Ушул өңүттө билим берүүдө, кесипкөй жаштарды даярдоодо жаңыча окутуу ыкмалары менен иш алып барып жатабыз.

КР эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетов: Театр искусствонун башка түрлөрүнөн дал баардык муундардын өкүлүн бир убакта бир жерге топтоп, жандуу эмоциянын жыйындысын кайталангыс бере алганы менен айырмаланат. Искусствонун театр, ыр, цирк өнөрү жандуу позициясы менен дайым айырмаланып турат жана түбөлүктүү. Кыргызстандын театр өнөрүндө жаштардын заманбап аракеттери колдоого татыйт.


Загрузка плеера...



Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться