ТУРИСТТИК ГИД КЫЗМАТЫ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТУРИСТТИК ГИД КЫЗМАТЫ



         Мына ушундай кеп менен "ТЕМА" программасынын кезектеги коногу КТМУ Кесиптик Жогорку мектебинин окутуучусу Кыялбек Дыйканов маекти баштады.

        "Кыргызстанда туризм эгемендикти алгандан кийин жаңы бир феномен болуп чыга келди. Кыргыз Туризми 1991-жылдан тарта университеттерде окутула баштады жана системалуу жол менен калыптанып келаткан кесип катары гид кызматы бөлүмдөрү ачылды."-деп кичине тарыхчасына токтолгон Кыялбек мырза гид кызматын аркалаган инсанда:  

- билимдүүлүк;

- тактык;

- терең аң сезим;

- маалыматтын маанилүүлүгү;

- жүрүм-турум;

- сөзгө чечендик;

сыяктуу өзгөчөлүктөр болушу керектигин белгиледи. 

        Мунун сыртында Дыйканов тарыхка, географияга, археологияга, психологияга, философияга, тил үйрөнүүгө таянган гид кызматын 3 айлык курс окуй калып аркалап жүргөндөрдү сындап, гид кызматы акырындап өзүнүн этаптары менен калыптанаарын унутпоого чакырды.

Ал эми аталган кызматтын келечеги тууралуу баары бир адамдык фактор маанилүү, технологиялар канча өнүксө да, адам баласы аткарган жумуштун ордун алмаштыра албайт деген оюн коомчулук менен бөлүшө кетти. 

 

МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


ТУРИСТТИК ГИД КЫЗМАТЫ ТУРИСТТИК ГИД КЫЗМАТЫ ТУРИСТТИК ГИД КЫЗМАТЫ ТУРИСТТИК ГИД КЫЗМАТЫ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться