Manas’a Bursa Büyükşehir Belediyesi’nden Tam Donanımlı Ambulans » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Manas’a Bursa Büyükşehir Belediyesi’nden Tam Donanımlı Ambulans



2022-жылдын 28-февралында Түркия Республикасынын Бурса шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тез жардам унаасы белекке берилди.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев Шейит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борборуна барып, Бурсадан жѳнѳтүлгѳн медициналык жардам боюнча маалымат алышты.

Университет жетекчилери Бурса шаардык мэриясына көрсөткөн жардамы үчүн окуу жайдын атынан ыраазычылык билдиришип, ден соолук борборунда медициналык кызматын үзгүлтүксүз жакшыртууга ѳзгѳчѳ маани берилип жатканын билдиришти.

Белгилей кетсек, КТМУнун Шейит Эрен Бүлбүл атындагы ден соолук борбору жана COVID-19 вирусун аныктоочу (ПЦР) лабораториясы 2021-жылдын 10-мартында Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин колдоосу менен ачылып, ишке киргизилген.

 


Загрузка плеера...


Manas’a Bursa Büyükşehir Belediyesi’nden Tam Donanımlı Ambulans Manas’a Bursa Büyükşehir Belediyesi’nden Tam Donanımlı Ambulans Manas’a Bursa Büyükşehir Belediyesi’nden Tam Donanımlı Ambulans Manas’a Bursa Büyükşehir Belediyesi’nden Tam Donanımlı Ambulans Manas’a Bursa Büyükşehir Belediyesi’nden Tam Donanımlı Ambulans Manas’a Bursa Büyükşehir Belediyesi’nden Tam Donanımlı Ambulans

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться