ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ ЖАНА АНЫН МААНИСИ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ ЖАНА АНЫН МААНИСИ



Баарынан оболу теология деген терминдин Дин таануу, Кудайга болгон ишенимди таануу деп чечмеленээрин айткан профессор Камал Полат диндин тарыхы адамзаттын тарыхы менен барабар экенин белгиледи. 

Маегиндеги аныктамаларынын биринде: "Туура динди тандоо канчалык маанилүү болсо, тандалган динди туура түшүнүү, ошонун жетегинде жашоо дагы абдан маанилүү. А муну болсо Теология билими аркылуу алуу мүмкүн" - деди. 

Андан сыркары Теология илими Социология, Философия, Психология, Тарых, Коммуникация илимдери менен да тыгыз байланышта турганын, 4 жылдык Дин таануу факультетин бүтүргөндөр магистратурасын аталган башка багыттар боюнча улап кетсе толук мүмкүн экенин, жана да учурда бүтүрүүчүлөрүнүн көбүнүн Түркияда жакшы жерлерде кызмат кылып жатканын сыймык менен айтып берди. 

Көрсөтүү кыргыз тилинде жүргүзүлдү жана проф. Камал Полаттын сөздөрүн КТМУнун Теология факультетинин кенже илимий кызматкери Жазгүл Жолалиева иретүү түрдө которуп берди. 

 

МедиаМанас, 2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ ЖАНА АНЫН МААНИСИ ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ ЖАНА АНЫН МААНИСИ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться