Кыргыз-Түрк достук ооруканасында акысыз маммография кызматы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз-Түрк достук ооруканасында акысыз маммография кызматы

Кыргыз-түрк достук ооруканасында 7-12-март аралыгында акысыз маммография кызматы көрсөтүлөт.



Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында 7-12-март аралыгында акысыз маммография кызматы көрсөтүлөт.

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата көрсөтүлө турчу кызматты пайдаланууну каалагандар ооруканага телефон чалып кезекке тура алышат. Бул кызмат менен Кыргызстанда кеңири таралган оору, эмчек рагы, боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатын көздөлөт.
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган 2022-жылдын 24-февралында Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, оорукананын; алдыңкы медициналык технологиялар менен жабдылганын, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө салым кошуу жана Түркиянын бул тармактагы тажрыйбасы менен бөлүшүү максатын көздөрүн билдирди.
2021-жылдын 15-октябрынан баштап бейтаптарды кабыл ала баштаган ооруканада азыркы учурда кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, жалпы хирургия, көкүрөк оорулары жана тез жардам боюнча кызматтар көрсөтүлүүдө.
21 реанимация жана 50 кызматтык керебетке ылайыкталган ооруканада, Коронардык реанимацияда 5 керебет, жүрөк-кан тамыр хирургиясынын интенсивдүү терапиясында 6 керебет, жалпы реанимацияда 7 керебет жана орто реанимацияда 3 керебет жайгашкан.
Ошондой эле ооруканада 2 операциялык бөлмө, 1 ангио аппараты, 1 МР, 1 Компьютердик томография, 1 рентген, 1 маммография аппараты жана толугу менен жабдылган лаборатория бар.
Оорукана өз ишин баштаган күндөн тартып азыркы күнгө чейин Поликлинкада дарыланган бейтаптардын саны - 1794;
жүрөк-кан тамыр хирургиясында жасалган операциялар - 20; жалпы хирургиялык операциялар - 3; ангио жасаткандардын саны - 143; томографиядан өткөндөрдүн саны - 216; МРТ - 105;
тез жардамга кайрылгандардын саны - 156ны түздү.


Загрузка плеера...


Кыргыз-Түрк достук ооруканасында акысыз маммография кызматы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында акысыз маммография кызматы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында акысыз маммография кызматы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында акысыз маммография кызматы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында акысыз маммография кызматы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында акысыз маммография кызматы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында акысыз маммография кызматы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться