ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА СОЦИАЛДЫК МЕДИА » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА СОЦИАЛДЫК МЕДИА

МедиаМанас 21-февралдан тарта "Тема" аталышындагы түрдүү тармактагы потенциалдуу адистер менен 15 минуталык маек программасын баштады. Алгачкылардан болуп көрсөтүүгө профессионал журналист, саясий илимдердин доктору, КТМУнун ага окутуучусу Бакыт Орунбеков конок болуп келди. 



Берүүнүн алкагында Орунбеков учурда журналистика менен социалдык медианы бири-бири менен салыштырып, мурдагыга караганда кесипкөй журналисттердин азайып бара жатканын, чыныгы сабаттуу журналист өзүнүн билими бар экенин далилдөөсү кыйынга турганын айтып берди. 

Ошол эле маалда акыркы үч жылдын ичинде өтө мааниге ээ болуп, жашообуз менен аралашып кеткен социалдык тармактын  күчүн, блоггерлик деген терминди, блоггер деген ким экенин ачыктады. 

Социалдык тармактан коомдун күрөө тамырын байкап туруу үчүн өзү Фейсбукту көп колдоноорун белгилеген Бакыт агай жазган же жасаган материалында "улуттар аралык кастыкты козутпаса, бирөөнүн аброюна шек келтирбесе, такталбаган жалган маалыматты бербесе, кептеринде этиканы туура сактаса, цензура маселесин унутпаса, блоггерлер деле коомго берчүсүн бере берсин!"- деди.

Маек соңунда Батышта азыр "Медиасабаттуулук" деген жаңы түшүнүк чыкканын, ага ылайык коомдун ар бир мүчөсүнүн маалыматка кандай мамиле кылышты,  маалыматтын түпкү тегин иликтегенди билишерин баяндап, биз дагы мектеп программасына ушул өңдүү сабакты киргизип келечек муундарды медиабилимдүүлүккө кичинесинен тарбияласак жакшы болмок деп сөзүн жыйынтыктады.


Загрузка плеера...


ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА СОЦИАЛДЫК МЕДИА ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА СОЦИАЛДЫК МЕДИА ЖУРНАЛИСТИКА ЖАНА СОЦИАЛДЫК МЕДИА

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться