Kırgızpatent İle İş Birliği » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Kırgızpatent İle İş Birliği



Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. 

Келишимге Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан кол койду.

Келишимге ылайык, тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсү жана жогорку окуу жайларында инновациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү жаатында кызматташат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаеванын жана КТМУнун илимий-окутуучулук курамы менен жолугушуусу өткөрүлүп, жаштардын илимий-изилдөөчүлүк потенциалын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Соңунда Кыргызпатенттин өкүлдөрү: Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, Кыргызпатенттин инновациялар бѳлүмүнүн башчысы Айсулуу Мустапакулова жана Кыргызпатенттин автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы Ырыс Турсуналиева окуу жайдын факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен таанышып чыгышты. Андан кийин “Медиа Манастын” түз эфиринин коногу болуп, радио угармандарга Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.

Тараптардын кызматташтыгы төмөнкүдөй негизги багыттарда ишке ашырылат:

Тараптар интеллектуалдык менчик жаатында квалификацияны жогорулатууну уюштуруу боюнча биргелешкен ишмердикти координациялоо аркылуу интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт. КТМУнун окуу планына Кыргызпатент сунуш кылган интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында факультативдик сабактарды киргизүү; КТМУнун студенттери жана окутуучулары үчүн интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана объектилерди коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргызпатент тарабынан конок лекцияларын өткөрүү; интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана объектилерди коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында КТМУнун студенттери жана окутуучулары үчүн кыска мөөнөттүү окутуу курстарын өткөрүү; КТМУнун студенттери жана окутуучулары үчүн Кыргызпатентте интеллектуалдык менчик объектилерине өтүнмөлөрдү тариздөө, тапшыруу жана каттоо, интеллектуалдык менчик жана инновацияны өнүктүрүүнү окутуу максатында тереңдетилген программа боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү; интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча форумдар, тегерек столдор, илимий-практикалык конференциялар, окутуу семинарлары, тренингдер жана көргөзмөлөр өңдүү кызыкдар тараптар менен коомдук-маанилүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү; окуучулар үчүн интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүүнүн тематикалык маселелери боюнча билим берүү олимпиадаларын, конкурстарды, викториналарды, тренингдерди жана көргөзмөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү.

 


Загрузка плеера...


Kırgızpatent İle İş Birliği Kırgızpatent İle İş Birliği Kırgızpatent İle İş Birliği Kırgızpatent İle İş Birliği Kırgızpatent İle İş Birliği Kırgızpatent İle İş Birliği Kırgızpatent İle İş Birliği Kırgızpatent İle İş Birliği Kırgızpatent İle İş Birliği

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться