Санкт-Петербург университетинин жана “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук жамааттарынын онлайн жолугушуусу болду. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Санкт-Петербург университетинин жана “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук жамааттарынын онлайн жолугушуусу болду.



2021-жылдын 21-декарында Орусиядагы Санкт-Петербург университетинин Математикалык физика кафедрасы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Математика бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук жамааттарынын онлайн жолугушуусу болду.

Жолугушууну Математикалык физика кафедрасынын жетекчиси профессор А.И. Назаров жана Математика бөлүмүнүн башчысы профессор Анаркүл Урдалетова алып барышты.

Жолугуушуунун максаты - эки университет ортосунда кызматташуу боюнча түзүлгөн келишимдин алкагында аткарыла турган иш-чараларды белгилөө жана аларды ишке ашыруу жолдорун аныктоо.

Санкт-Петербург университети Орусиянын эң эски жана мартабалуу унивеситтеринин бири. Учурда университтердин QS-2022 дүйнөлүк рейтинги боюнча 242-орунду ээлейт. Математикалык физика кафедрасы дүйнөгө белгилүү математиктери менен таанылган.

Аталган жогорку окуу жайдан көптөгөн кыргыз жаштары билим алып чыгып, ар түрдүу тармактарда, анын катарында билим берүүдө үзүрлүү эмгектенүудө.

Тараптар коюлган маселерди талкуулап, жакынкы убакыттарда ишке ашырыла турган иш-чараларды белгилешти.

 

Санкт-Петербург университетинин жана “Манас” университетинин профессордук-окутуучулук жамааттарынын онлайн жолугушуусу болду.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться