Түркиядан туруктуулук чабуулу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркиядан туруктуулук чабуулу

Түркия дүйнөнүн эң алдыңкы экология жана туруктуулук платформасы болгон Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши (GSTC) менен кызматташтык келишимине кол койду.



- Түркия дүйнөнүн эң алдыңкы экология жана туруктуулук платформасы болгон Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши (GSTC) менен кызматташтык келишимине кол койду.

- Бул келишим менен Түркия жана GSTC биринчи жолу Улуттук Туруктуу Туризм программасын даярдайт. Жаңы программа менен түрк туризм индустриясы глобалдык туруктуулук тажрыйбаларын тездетет.

 

Коопсуз туризм сертификаты менен Түркия өткөн жылы пандемия шарттарына карабастан рекорддук санда турист тосту. Бул жылы болсо туруктуулук стандарттарынын эң жогорку аккредитациялоо мекемеси болгон Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши менен кызматташтык келишимине кол койду. Ошентип Түркия менен GSTC туруктуу туризм тармагында биринчи жолу өкмөт менен улуттук программаны иштеп чыгуу келишимин түзүп, дүйнөгө үлгү болушту.

Туруктуу туризм тармагында эң кеңири жайылган жана эң жогорку стандарттарды белгилеген GSTC менен кол коюлган үч жылдык протокол менен түрк туризм индустриясы кайрадан түзүлөт.

Туруктуулукка багытталган мамилени олуттуу түрдө кабыл алуу менен Түркия өкмөтү менен кол койгон келишимдин биринчи этабында улуттук программа критерийлери аныкталып, аудитордук фирмалар окуу процессине тартылат.

Февраль айынын биринчи жумасынан тарта түрк туризм тармагынын кызыкдар тараптары да процесске кошулат. 2030-жылга чейин бүткөрүлүшү пландалган программанын биринчи этабы 2023-жылга пландалып, экинчи этабы 2025-жылы акырындык менен ишке ашырылат. 2030-жылга чейин бардык эл аралык стандарттар аткарылат.

Туруктуу туризмде Түркияны алдыңкы планга чыгара турган келишим өткөн жылдын аягында кол коюлган Париж келишиминен келип чыккан милдеттенмелерге да жооп берет. Туризм тармагында 2022-жылдан тарта туруктуу трансформацияны баштап, Түркияны эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүү кыла турган GSTC кызматташуусу да улуттук туризм тенденцияларына да жетишүү мүмкүнчүлүгүн берет.

2020-жылы дүйнөдө биринчи жолу ишке ашыра баштаган Коопсуз туризм сертификаты менен Түркияда транспорт,меманкана, мекеме кызматкерлери менен коноктордун ден соолук шарттары, ресторандар жана конгресс борборлору сыяктуу бир катар иш-чаралар ишке ашырылган жана болжол менен бүгүнкү күндө 12 миң мекеменин Коопсуз туризм сертификаты бар. Бул алкакта туризм секторуна, өзгөчө жайгаштыруу объектилерине коопсуз жана туруктуу стандарттар киргизилет.

Ошентип, 2022-жылдын апрелинен баштап конок тосуу жайлары акырындык менен туруктуу практикага өтөт.

Түркиядан туруктуулук чабуулу

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться