Жылдыздар шыбырайт (18-апрелден 24-апрелге чейин) » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жылдыздар шыбырайт (18-апрелден 24-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)

Бир аз тыныгууңуз абзел! Акыркы күндөрү өзүңүздө болгон узак мөөнөттүү чыңалууну байкайсыз.



Бирок милдеттериңизди жана жоопкерчилигиңизди этибар албай кетип калууга мүмкүнчүлүк жок. Жасалып жаткан иш учурунда өтө көп сын-пикир айтуу пайда алып келбейт. Чечим чыгарууга ылайыктуу апта. Мындай учурда кыйналсаңыз, жакындардан жардам сураңыз. Бирок ким менен, кандай мамиле курууну өзүңүз гана чечиңиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Идеялардын, кызматташтыктардын эң пайдалуусун таңдап алып, ишке ашырууга киришиңиз. Чыгармачылыгыңыз жана активдүүлүгүңүз жогорку дэңгээлде болуп, жаңы нерселерди үйрөнүүнү каалайсыз. Жөндөмдүүлүктөрүңүздү жакшыртуу үчүн ар кандай ийримдерге баруу сунушталат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Айланадагылар жана жакын досторуңуз менен болгон мамиле бекемдейт. Бул кээ бир түшүнбөсүктөрдүн унутулушун шарттайт. Жумушта кылган ишиңиздин үзүрүн көрө баштайсыз. Жөнөкөй шарттарда абдан токтоо болгонуңуз менен, бул аптада сизди беймаза кыла турган окуяларга тушугууңуз мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жаңы ишкердик байланыштар, долбоорлор жана каржыга тиешелүү апта. Иш жана жеке жашоо жакшы нукка бурулат. Максаттардын жана жасала турган иштердин үстүндө иштөө керек. Кунт коюуңузду эч нерсе буза албайт. Конкреттүү иштер менен алек болгон адамдардан досторду күтүңүз.

АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада күтүлбөгөн өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн. Ишиңизди мыкты аткарып, кошумча киреше кириши ыктымал. Андыктан алдыңкы күндөргө эс алууну жана сатып алууларды пландаңыз. Достор менен чер жазыша сүйлөшүп, бирге бир иш же долбоор үстүндө иштөө сизди кубанычка бөлөйт. Андан тышкары узактан бери сүйлөшүп жүргөн кыз-жигиттер баш байлоого чечим чыгарышат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жеке жашоодо маанилүү чечим чыгарууга туура келет. Үй-бүлөөңүз жана достор арасында пикир келишпестиктер жаралышы күтүлүүдө. Болгон окуяларга башка көз-караш менен карасаңыз, көйгөй жаратуудан алыс болосуз. Оюңузду түшүндүрүү үчүн туура сөздөрдү колдонуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Ийгиликтүү сатуулар же сатып алуулар коштойт. Тиричиликке керектүү буюм алууда сапатына жана баасына көңүл буруңуз. Кысым маселелери боюнча кесиптешиңиз же өнөктөшүңүз жардам берет. Ал эми жеке жашоодогу маселелерди чечүүдө ички туюмуңузга кулак салыңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Жакын адамдар менен болгон мамилени бекемдөөгө бел байлаңыз.Жетекчилик тапшырган ишти мыкты жана өз убагында аткарганыңыз үчүн кошумча акча таба аласыз. Пландалган иштерди четинен бүтүрө бериңиз. Бирок, бир нерсе тынчсыздандырып жатса, иштерди кийинкиге жылдырганыңыз оң.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сүйүү жаатында бакыт кушу жылмайып, көктөн издегениңизди жерден табасыз. Маселелерди жети өлчөп, бир кесип, бир ишке экинчи ирет кайрылбай тургандай бүткөрүү кажет. Ошондо гана баары план боюнча кетип кыйынчылык жаралбайт.Эмгегиңиздин акыбети кайтып үзүрүн көрөсүз, жагымдуу компанияда убакыт өткөрүүгө жетишесиз.

ТЕКЕЧЕР (23.11-21.12)

Үй-бүлөөдөгү милдеттердин жана жоопкерчиликтердин алгачкы планга чыгуусу керек. Иштерди батыраак бүтүрүп, үй-бүлөөңүзгө көбүүрөөк көңүл буруңуз. Мындан тышкары жекече калып мүнөзүңүздү, сезимдериңизди талдаңыз.

СУУ ПЕРИ (21.01-19.02)

Алдыга койгон максаттарга болгон биринчи кадамдарды таштай турган апта. Аны менен бирге эле күтүлбөгөн адамдан жардам алуу максатыңызга жакындатат. Кызматкерлерди ишинде жакшы жактарын белгилешип,материалдык сыйлыкка көрсөтүшөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Соода менен алектенгендер ийгиликтүү келишимдерди түзүшү мүмкүн. Креативдүү идеялар менен адамдардын сизге болгон кызыгуусун күчөтөсүз. Жаман адаттардан арылууга аракет кылсаңыз, ийгиликтүү адамдар менен таанышып, тажрыйба топтой аласыз.

Которгон: Кенешова Гулзира

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться