Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү

Коммуникация факультетинде Кыргыз эл жазуучусу Гапаровду эскерүү кечеси өттү.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинде Кыргыз эл жазуучусу, көрүнүктүү драматург, прозаик, киносценарист Мурза Гапаровду эскерүү кечеси өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде көп кырдуу сүрөткер Мурза Гапаров эскерилип, анын артынан Гапаровдун “Күнөстүү өрөөн” чыгармасын тасмага түшүргөн көрүнүктүү кинорежиссерлордун бири Кайрыдин Акматалиевдин масстер классы болду. Аталган иш-чарага Гапаровдун кесиптештери, кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов, Мелис Абакиров, Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы, акын Тынчтыкбек Нурмаматов, маркумдун досу Сейитбеков Азиз, үй-бүлөсү катышты.

Иш – чараны ачылышында Коммуникация факультетинин деканынын орун басары Абды Сатаров, университеттин ректору чет жерде болгондуктан катыша албагандыгын белгилеп, анын салам-дубасын айтты. Эскерүү кечесинде жазуучунун өмүрү, чыгармачылык жолу тууралуу сүрөт баян көргөзүлүп, кесиптештери ал тууралуу жылуу пикирлерин билдиришти.

Белгилей кетсек, Мурза Гапаров КТМУнун Коммуникация факультетинде окутуучу болуп эмгектенген. Ал быйыл тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровду эскерүү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться