Быйыл Кыргызстан мусулмандарынын ажылык сапарына 3685 орун берилди. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Быйыл Кыргызстан мусулмандарынын ажылык сапарына 3685 орун берилди.



               Бул ирет “Жаңы күн” радиодолбоорузда ажылык сапарга аттану темасы козголуп, бул боюнча кененирээк маалымат берүүгө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Умра бөлүмүнүн башкы адиси Орозали ажы Адранов конокко келди.  Өз сөзүндө жооптуу адис быйыл кыргызстандык зыяратчылардын Мекке шаарына ажылыкка баруусу үчүн 3685 орун бөлүнгөнүн. Аларды конкурстан утуп алган Сауд Аравиясынын Flynas компаниясы ташый тургандыгын билдирди.

               Республика боюнча 40 жерге электрондук автоматташтырылган ажылыкка катталуу борбору ачылган. Ал жерге ажылыкка барууну каалаган мусулман келип жазылаар замат анын мурда кийин ажалык сапарына барып барбаганы дароо билинет. Барган болсо бара электерге жол бошотулуп берилет. Ал  эми республика боюнча толук катталуу бүткөн соң тизмеге киргендердин ичинен жогоруда белгиленген квота боюнча орундар электрондук чүчү кулат random системасы менен айкындалат. Ажылык сапардын  башынан аягына чейинки толук акысы 2600 АКШ долларын түзөт. Мына ушул маалыматтардын баарын эфир учурунда Орозали ажы айтып берди.

               Андан соң улуу ажылык сапар менен Умранын айрымачылыктарын угармандарга түшүндүрүп берди.

               Маек соңунда студиянын коногу бүткүл ажылыкка кызыккан мусулмандарга толук маалымат алуулары үчүн төмөндөгү байланыш телефондорун калтырды:

0312 486167, 0778 486167, 0708 486167, 0558 486167

Жылдызбек Турсунбаев


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться