“Манас Фм” радиосунда Орусиянын “Башкы сахна” (“Главная сцена”)- долбоорунун супер финалчысы Кайрат Примбердиев конокто болду. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас Фм” радиосунда Орусиянын “Башкы сахна” (“Главная сцена”)- долбоорунун супер финалчысы Кайрат Примбердиев конокто болду.

12-апрелде “Манас Фм” радиосунда Орусиянын “Башкы сахна” (“Главная сцена”)- теле долбоорунун супер финалчысы өзгөчө үндүн ээси Кайрат Примбердиев конокто болду.



“Манас Фм” радиосунун жуманын шейшемби кундору боло турган “Автопортрет” программасынын мукам үндүү коногу балалык чагынан учкай элестерден сөз кылып, Кайрат мырза экзклюзив жаңы жаздырылган ырын “Манас Фм” радиосунун угармандарына жандуу үн менен аткарып берди.

    “Өз кесибим электрик. Бирок ушуга чейин ток менен достошо албай койдум. Эмнегедир жан дүйнөм чыгармачылык чөйрөсүнө тартып туруп алды.”-деген ырчы мырза угармандарга эстен кеткис эфир белек кылды.

     Ташкындаган талантты чоң сахнага досу жана классташы кыргыз эстрада жылдызы Султан Садыралив алып келгенин айтып, “Сагынганда” аталышындагы ыр менен ыр дүйнөсүнө аттанганын белгиледи.

2015-жылы Орусиянын “Главная сцена” теле долбооруна катышып, финалга чейин жеткен.   Эскерте кетсек, ушул мезгилге чейин Кремлде бир дагы кыргыз ырчысынын үнү жаңырган эмес. Кайрат Примбердиевдин салган жолу келечекте көп таланттарга дем боло алат деген чоң ишеничтебиз.

Жазган: Шайдылдаев Жоомарт.

 

“Манас Фм” радиосунда Орусиянын “Башкы сахна” (“Главная сцена”)- долбоорунун супер финалчысы Кайрат Примбердиев конокто болду. “Манас Фм” радиосунда Орусиянын “Башкы сахна” (“Главная сцена”)- долбоорунун супер финалчысы Кайрат Примбердиев конокто болду.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться