"Курут" фестивалын уюштуруучулар Жаңы күн программасына конок болушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Курут" фестивалын уюштуруучулар Жаңы күн программасына конок болушту



Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасында  биринчи ирет Улуттук деңгээлде “курут” фестивалы уюштурулат. Аталган фестивалдын демилгечиси Аиза Мараева жана уюштуруу комитетинин өкүлү Сыргак Абдрасулов “Жаңы күн” уктуруубуздун коногу болушту.

 

Уктуруунун жүрүшүндө Асел Мараева фестивалдын негизги максаттары катары: улуттук ашкана салттарын өнүктүрүү, сактоо жана жалпыга таанытуу, өлкөнүн туристтик кооздуктарын куруу, Кыргызстандын жаштарын маданий салттарга тартуу жана Бишкек шаарынын тургундарын, конокторун, туристтерди улуттук маданият менен ашкананын өзгөчөлүктөрү менен таанытуу экендигин баса белгилеп кетти.

Уюштуруучу Сыргак Абдрасулов болсо өз сөзүндө: фестивалдын алкагында фольклордук-кызыктыруучу программа, даам татуу (дегустация), жер-жерлерден келген ишкерлердин курут жарманкеси болоорун,  Кыргызстан ашпозчулар бирикмесинин башкы ашпозчулары курут, шорпо жана таттууларды (десерт) даярдоо боюнча мастер-класстарды өткөрөөрүн, ошондой эле фестивалдагы дагы бир өзгөчөлүк катары "Эң мыкты курут" наамына ылайык мыкты жасалгаланган соода оруну боюнча кароо сынактын  уюштурулаарын айтты.

Маектин соңунда  жалпы Бишкек шаарынан тургундары менен конокторун курут фестивалына чыныгы жүрөктөрү менен чакыра кетишти.

 

Жылдызбек Турсунбаев

"Курут" фестивалын уюштуруучулар Жаңы күн программасына конок болушту "Курут" фестивалын уюштуруучулар Жаңы күн программасына конок болушту "Курут" фестивалын уюштуруучулар Жаңы күн программасына конок болушту

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться