Университетибизде практикалык семинар болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Университетибизде практикалык семинар болуп өттү

“Уйлардын аяк ооруларын аныктоо жана дарылоонун заманбап методикалары” аттуу практикалык семинар болуп өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде окуу жайыбыздын Ветеринария факультети тарабынан уюштурулган “Уйлардын аяк ооруларын аныктоо жана дарылоонун заманбап методикалары” аттуу практикалык семинары университеттин Турмуш-тиричиликти тейлөө имаратында болуп өттү.  Иш-чарага Чүй облусттук ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча башкармалыгынын ветеринардык врачтары, университеттин проректору, профессор Али Бахадыр, Ветеринария факультетинин деканы, профессор Куршат Алтай, окутуучулар жана студенттер катышты.

Аталган семинар университеттин жана Ветеринария факультетинин таанытуу фильминин көрсөтүлүшү менен башталды.

Ветеринария факультетинин деканы Куршат Алтай семинардын ачылышындагы сөзүндө аталган факультет Кыргызстандын мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында мыкты адистерди даярдап, өз салымын кошуп келе жатканын белгилеп:  “Биздин факультеттин үч маанилүү милдети бар. Алгачкысы, студенттерибизге заманбап дүйнөнүн талаптарына төп келген мыкты билим берүү. Экинчиси, илимий изилдөө иштерин алдыга жылдыруу. Ал эми үчүнчүсү, коомго кызмат кылуу болуп саналат. Бүгүнкүдөй иш-чараларыбыз аркылуу Кыргызстан менен Түркиянын мал чарбачылыгына салым кошкон адистерди тарбияласак дейбиз”,-деди Куршат Алтай.

Ал эми университеттин проректору, профессор Али Бахадыр Ветеринария факультети бүтүрүүчүлөрүн үчүнчү жолу уядан учуруп жатканына басым жасап жана бүтүрүүчүлөр өз адистиктери боюнча татыктуу иш таап жаткандыгын айтты. “Бүгүнкү семинардын мал чарбачылык жаатында мааниси абдан зор. Андыктан бул иш-чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларга ыраазычылыгымды билдирип, ийгилик каалайм”,-деди.

Практикалык семинардын жүрүшүндө Ветеринария факультетинин окутуучулары семинардын темасына ылайык  баяндамаларын көрсөтүштү. Анда : ага окутуучу, доктор Шамил Сефергиль “Уй аягынын топографиялык анатомиясы”, профессор Мурат Кибар “Уйларда аксактыкты текшерүү жана туяк кесүү” жана “Уйлардын аяк оорулары жана дарылоо ыкмалары”, профессор Хасан Гүзелбектеш “Уйлардын аяк ооруларына себеп болгон зат алмашуу оорулары”, доцент Абдулкадир Кескин “Аяк ооруларынын сүттүүлүк жана төл берүүгө тийгизген таасири”  деген темаларда баяндама жасашып, пайдалуу маалыматтары менен бөлүшүштү.

Иш-чара катышуу сертификаттарын тапшыруу, эстеликке сүрөткө түшүү жана сый жана дасторкон үстүндө пикир алышуу менен соңуна чыкты.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү Университетибизде практикалык семинар болуп өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться