«Шамбала» тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Шамбала» тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды



Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин, радио, тв жана кино бѳлүмүнүн ага окутуучусу, режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" картинасы Россияда 29-жолу өтүп жаткан "Киношок" эл аралык фестивалында дароо эки сыйлыкка татыктуу болду.

Толук метраждуу фильмдердин сынагында калыстар тобу Артур Аманалиевди "Шамбаладагы" баланын образын чеберчилик менен көркөм ачып бергени үчүн жюринин атайын сыйлыгы менен сыйлады. Ал эми "Мыкты музыка" сыйлыгы композитор Мурзали Жээнбаевге ыйгарылды.

"Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде 2018-жылы тартылган. Режиссёр фильм тууралуу идея Айтматовдун көзү барында эле жаралганын айтат.

«Шамбала» тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды «Шамбала» тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды «Шамбала» тасмасы Россияда эки сыйлыкка татыды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться