"Жаңы күн" программасында классикалык музыка » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Жаңы күн" программасында классикалык музыка

"Жаңы Күн" радиодолбоорубуздун кезектеги коногу "Ноктюрн" кыл аспап квартетинин негиздөөчүсү Бактыгүл Жумаева болду.

Төрт профессионалдык музыканттан турган бул топ 1997-жылы чогуу окууну бүтүрүп, чогуу камералык, симфониаялык оркестрде иштеп жүргөн курбулардын ортосунда түзүлгөн. Ноктюрн - сөзүнүн мааниси болсо XIX-кылымдын башында элге кеңири тарала баштаган лирикалык мүнөздөгү вокалдык-аспаптык пьесанын аталышын туюндурат. 

Мына ушуну негизге алып ат коюп кийинки жылы 20 жылдыгын белгилей турган кыл аспаптык квартеттин жетекчиси Бактыгүл айым жарым сааттык түз эфир алкагында топтун түзүлүү тарыхын, кайсы жактарга барып кандай лауреаттык наамдарга татыганын, группа болуп иштөөнүн кыйынчылыктарын, классикалык музыка өзгөчө бир изденүүнү талап кылаарын баса белгиледи. 

Аны менен бир катар радиобуз медиа көмөк көрсөтө турган жакында өтүүчү концертине катуу даярдыктар көрүп жатышканын, концертте аткарыла турган чыгармалардын репертуарын айтып, 2016-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Улуттук Академиялык "А.Малдыбаев" атындагы Опера жана Балет театрынын Малахит залында уюштурулуп жаткан концертке угармандардын баарын чакыра кетти.

Угармандар тарабынан берилген кызыктуу смс суроолорго да жооп берип, сөзүнүн соңунда музыка чөйрөсүн тандап алганына бактылуу экендигин, классикалык музыканын аткаруучуларын көтөрүү керектигин, Маданият жана Маалымат жылына карата топ катары алдыда көп нерселер пландап жатышканын билдирип жана ушул чакан концертине көмөк көрсөткөндөрдүн баарына рахматын айтты. 

Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться