Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто

Эскишехир шаарынын губернатору, “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжыга иш сапары менен келди.



Түркиянын Эскишехир шаарынын губернатору Гүнгөр Азим Туна, Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжыга иш сапары менен келди.

Кыргызстандын Ош шаарына бир тууган эсептелген Эскишехир шаарынын губернатору Туна, Ош шаарынын мурунку губернатору Аалы Карашевдин биринчи вице-премьер-министр болушун куттуктоо үчүн Бишкекке да кайрылып өтүүнү чечкен. “Достордун бири-бирине келүүсү, катташуусу, кайгыларына, кубанычтарына ортоктош болуусу шарт эмеспи. Муну бир туугандык деп эсептейм”, деген Азим Туна, ушул максат менен “Манас” университетинин ректоруна, Жогорку Кеңештин төрагасына, Ош шаарынын жаңы губернатору өңдүү бир катар досторуна конокко келгенин билдирди.

Бул аймакка Казакстандын Алматы шаарында орун алган аль – Фараби атындагы улуттук университетинин чакыруусу менен келгенин билдирди.

Гүнгөр Азим Туна, бул айдын аягында Азербайжан Республикасынын борбору Бакуда боло турган Маданияттар Биримдиги форумуна катышарын жана бул форумдун ачылышы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланган Азербайжандын Шеки шаарында өткөрүлөрүн, Түркия Республикасынын Билим берүү жана илим министри Наби Авжынын жетекчилиги астында Түрк дүйнөсү фондун курушканын жана Түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсү үчүн дагы да иш-аракеттер улантылып жаткандыгы тууралуу айтып, бир топ жаңылыктары менен бөлүшө кетти.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто Эскишехир шаарынын губернатору “Манас” университетинде конокто

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться