Мыйзамсыз курулган турак-жайлардын тагдыры » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мыйзамсыз курулган турак-жайлардын тагдыры



Радиобуздун “Жаңы күн” радиодолбоорунун сиз күткөн конок рубрикасынын 5-апрелдеги коногу Бишкек шаарынын мэриясынын “Жеке турак-жайларды куруу” департаментинин директорунун орун басары Иманакун уулу Талант мырза болду.

Жеке турак жайларды куруу боюнча жаралып жаткан маселелер боюнча жүргөн маекте Талант мырза бир топ кызыктуу статистикалык маалыматтарды келтирди.
Айта кетсек ушул күнгө Бишкек шаарынын айланасында 49 жаңы конуш бар экенин, алардын ичинде 6382 үй мыйзамсыз салынганын, бул үйлөрдүн 3589 уна  мыйзамдаштыруу иштери каралып жатканын, ал эми 2793 үйүнүн тагдыры чечилбей, же көчүрүү, же сүздүрүү керектигин баса белгиледи.
Мындан тышкары 2015-жылга мыйзамсыз салынган үйлөрдүн ичинен 1012 турай-жайга уруксат берилгенин, 369 үй протоколго коюлганын жана 173 өз билемдикке салып курулганы үчүн көзөмөлгө алынып сүздүрүлгөнүн да жарыя кылды.
20 мүнөттүк маегинде Иманакун уулу Талант мырза жыйынтык катары Бишкек шаарынын тургундарын мыйзамсыз жер басып албоого, өз билемдикке салып, кийин менчиктештирип алам деп үй курбоого, бардыгын тыкыр иликтеп анан үй эже жер сатып алууга, дегеле Кыргыз Республикасынын атуулу болгон соң өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого чакырып кетти.

Мыйзамсыз курулган турак-жайлардын тагдыры

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться