“Манас” университети мектептерде таанытылууда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” университети мектептерде таанытылууда

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби окуу жайды таанытуу иштерин улантууда.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби окуу жайды таанытуу иштерин улантууда. 

Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем жана окутуучу Нарынгүл Маргазиева Бишкек шаарындагы №78 мектептин 11-класстын окуучулары менен жолугуп кайтышты. Жолугушууда окуучуларга “Туризм тармагынын өзгөчөлүктөрү” жана “Туризмде ишке орношуу мүмкүнчүлүгү” тууралуу маалымат берилди.

Бул иш-чаранын алкагында окуучулар топ-топ болуп иштеп, туризм тармагына байланыштуу ойлору менен пландарын кагаз бетине түшүрүшүп, андан соң ар бир топтон бирден окуучу чыгып, өз идеяларын айтып беришти. Окуучулардын туризм тармагына байланышкан жаңы идеялары кызыгууну жаратып, кулак сүйүндүрдү.

Мына ушундай чакан оюндан соң Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем Кыргызстандын жаштарынын потенциалы туризм тармагында бир топ ийгиликтерге жетишерине ишенерин айтты. Ал ошондой эле Кыргызстандын таза табияты менен бай маданий мурасы жана каада-салттары баа жеткис байлык экенин белгилеп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, туризм тармагын өркүндөтүү керектигин баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда мектеп директору жана мугалимдери “Манас” университетинин Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин окуучулар менен жолугушуусу абдан пайдалуу болгондугун белгилеп,  мындан ары да кызматташтыкты улантышарын айтып өттү.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү,

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

“Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда “Манас” университети мектептерде таанытылууда

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться